WhatsApp'та жаңы керектүү функция пайда болду
WhatsApp мессенжери iOS жана Android түзмөктөрүнүн ортосунда баарлашуу тарыхын өткөрүп берүүнү жеңилдеткен опцияны киргизгени жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, функция диалогдорду, билдирүүлөр таржымалын, алынган файлдарды бир платформадан экинчи платформага которууну камтыйт. Азыр мындай которуу үчүнчү жактын программаларын колдонуу менен гана мүмкүн. Мунун себеби Apple түзмөктөрүндө резервдик көчүрмө iCloud булут кызматына сакталат, ал эми Android түзмөктөрү Google Drive'га маалыматтардын камдык көчүрмөсүн сакташат.
Учурда көчүрмө тестирлөөдөн өтүп жатат жана WhatsApp жаңылануулардын биринде пайда болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:05
2025-07-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.