super.kg logo

Британ ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл Netflix сервиси менен бирге тасма тарта баштайт

 

Netflix сервиси ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Марклга таандык коомдук уюм тарабынан жазылган даректүү тасманын тартуу иштерин баштайт. Бул тууралуу сервистин маалымат кызматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Жеңилбес жүрөк" даректүү тасмасы 2022-жылы Гаага шаарында өтө турган "Жеңилбестердин оюну" спорттук мелдешинин катышуучулары тууралуу болот. Көрөрмандар тасмадан спортчулардын жана мелдештин уюштуруучуларынын иш-чарага кантип даярданганын көрө алышат.

Тасманы тартуу иштери менен Netflix видео кызматы, Герцог Сассекский жана "Archewell" коомдук уюмунун чыгармачыл бөлүмү алектенет. Тасманы жаратуучулардын арасында "Оскар" сыйлыгынын лауреаты болгон "Ак каска" (The White Helmets) даректүү тасмасы авторлору режиссёр Орландо фон Айзиндель жана продюсер Жоанна Натасегара да бар.

Ханзаада Гарри демилгелеген "Жеңилбестердин оюну" кайрымдуулук долбоору - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аскер кызматкерлерине арналган көп тармактуу спорттук иш-чара.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: