Көк бөрүчү Сейитбек Анарбек уулунун жубайы: "Сүйүү никеден кийин келет дегендей эле кийин сүйүп калдым"
"Өмүрлөшүм" рубрикасынын бул жолку коногу таттуу түгөйлөр көк бөрүчү Сейитбек Анарбек уулу жана жубайы Айпери Руслан кызы. Түгөйлөрдүн баш кошкондоруна 11 жылдын жүзү болду. Алардын бир кызы, эки уулу бар. Сейитбек 17 жашында Айперини сүйүп калып алып качып кеткен. "Ал кезде мен 16 жаштагы жаш кыз элем, күйөөгө тиет деген ойдо да жок болчу" дейт Айпери Руслан кызы.
"Сейитбек экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз, бирок күйөөгө 20-25 жашымда тием го деп эле жүргөм. Анан эле алып качып кетти. Таң атканча ызы-чуу салганыма карабай жеңелерим макул кылып отуруп калгам. Эч өкүнбөйм, ысык суукка чыдап өзүбүздүн турмушубузду өзүбүз түзүп келе жатабыз. Бизге эч ким жардам берген жок. Сейитбектин намыскөйлүгүнөн, тырышчаактыгынан нөлдөн баштап бутка турдук. Сейитбек "мен сени сүйүп анан үйлөнгөм" дейт. Бирок мен жаш болуп көңүлүм бар болгону үчүн эле тийсем керек. Сүйүү никеден кийин келет дегендей эле кийин сүйүп калдым", - деди Айпери (күлүп).
Ал эми Сейитбек Анарбек уулу жубайына болгон сүйүүсү жылдан жылга күчөп бара жатканын айтып өттү.
"Башында жаш болуп үйдө деле турчу эмесмин. Достор менен кетесиң, баары жаш, бойдок досторума кошулуп жүрө бердим. Көк бөрү болгондо көп күндөргө деле үйгө келбей жүрүптүрмүн. Экинчи баламда ата экенимди сездим, үчүнчүсүндө токтолдум үйдөн алыс кетким келбей калды. Балдарым менен эле убакытты өткөргүм келет. Азыр 18-19 жаштагылар "үйлөнүп жатам" десе эмне үйлөнүп алды, али жаш деп коём. Көрсө биз чынында эле жаш болчу экенбиз. Айпериге жылдан жылга, жаш кошулуп көп нерсени түшүнгөн сайын сүйүүм күчөп барат", - деди Сейитбек.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.
Сейитбек Анарбек уулу, көк бөрүчү: “Жубайыма болгон сүйүүм жылдан жылга күчөп жатат“



1 |