Чүйдө тамеки товарларын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды




Чүй облусунан акциздик маркасы жок 4 миң 500 таңгак тамеки табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери Чүй облусунун Токмок шаарында борбордук базарда өткөн пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу факталарын аныкташты.
"Жыйынтыгында акциздик маркасы жок 4 миң 532 таңгак тамеки тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт", - деп билдиришти аталган кызматтан.
Салык кызматы жарандарды жасалма тамеки же алкоголдук продукция акциздик маркасы жок тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө 116 номери же 0779 61-31-89 номери боюнча кайрылууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.