"Мындай окуялар кайталанбашы үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек" дейт Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси

"Жаман окуя болуп өттү, ала качылып бара жаткан кыз каза болду. Мындай үрөй учурган окуялар жүрөк оорутат.
Каза болгон Айзаданын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Айзаданы сактап кала албаганыбыз үчүн кечирим сурайм...
Бирок ошондой эле өзүмдүн жеке пикиримди билдирип кетким келет. Оор кылмыштар боюнча ыкчам кызматкерлерге уюлдук байланыштарды текшерүү үчүн дароо мүмкүнчүлүк бериле тургандай кылып мыйзамды өзгөртүү керек", - деп жазган Жумаков.
Ошондой эле ал тергөө тапшырмасы жок эч кандай документтерди түзө албай, кылмыш болгон жерге кароо жүргүзө албай тургандыгын жана ушуга окшош кагаз иштери кызматкерлерди ишти ыкчам алып баруусуна чоң жолтоо болуп жаткандыгын, мындай нерселерди алдын алуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин жазып калтырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.