ИИМдин алдында Айзаданын өлүмүнө байланыштуу митинг өтүүдө
Ички иштер министрлигинин алдында зордук-зомбулукка каршы митинг өтүүдө. Анда кыз ала качууга кайдыгер карабаган жарандар, активисттер чогулган. Чогулган тараптар милициянын ишине нааразы болушууда.
"Айзаданын өлүмүнө ким жоопкерчилик алат? Эмнеге милиция өз ишин так аткарбайт? Эмнеге блогерди эки сааттын ичинде табышат? Кечээ катталган кылмыш ишин ылдамдык менен таба алышкан жок?" деген өңдүү суроолорду айтышууда.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.
Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы тууралуу толук маалыматты шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.