Жогорку Кеңештин төрагасы: "Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кылмыш иши тыкыр иликтениши керек"
Бүгүн, 8-апрелде парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов маркум Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселеге токтолду.
"Мындай салтта жок жосундан улам каза болгон карындашыбыздын окуясына терең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтам. Бул жалпыбыз үчүн чоң трагедия. Баарыбыздын кызыбыз, эже-карындашыбыз бар. Алардын коопсуздугу чоң мааниге ээ. Аялзатына жасалган мындай мамиле жазасыз калбашы керек. Кылмыштын тыкыр иликтенип, аягына чыгышына Жогорку Кеңештин төрагасы катары кызыкдармын жана өз көзөмөлүмө алам. Аталган маселени сөзсүз парламенттин күн тартибине да киргизип, карашыбыз зарыл", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.