Митингге чыккандар ички иштер министринин эл алдына чыгуусун талап кылып жатышат

Зордук-зомбулукка каршы өтүп жаткан митингде чогулгандар ички иштер министринин эл алдына чыгуусун талап кылып жатышат. Алар министр эл алдына чыгып, жооп берсин деп ураан чакырып жатышат.
"Качпагыла, эл алдына чыгып жооп бергиле" деп кыйкырышты митингчилер.
Митингге чыккандар, "жетишет, мен жашагым келет, силерге дагы канча өлүм керек?" деген жазуулары менен плакаттарды көтөрүп турушат. Туура бир саат мурун, тагыраагы, саат 12:00дө башталган митингге миңдеген адамдар чогулду. Алар министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылып чыгышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.