super.kg logo

"Уурулук, тоноо, каракчылык". Айзаданы алып качып, өлтүргөнгө шектүү жаран 3 ирет Орусиянын абагында отуруп чыккан

 

27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө шектүү жаран буга чейин бир нече ирет соттолгон. Мындай маалымат Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, Айзаданын өлүмүнө шектүү 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев 3 ирет соттолгон.

"2008-жылы Орусиянын Киров райондук соту тарабынан "уурулук" беренесинин негизинде 3 айга эркинен ажыратылган.

2009-жылы 26-ноябрда Орусиянын Железнодорожный райондук соту "тоноо" беренеси боюнча 2 жылга камакка алуу чечимин чыгарган. 2011-жылы 10-июнда эркиндикке чыккан.

2012-жылы 10-июлда Зеленоградск райондук соту тарабынан "каракчылык", "опузалоо", "жасаган кылмышынын негизинде жазага тартуу" беренелери боюнча 5 жыл 6 айга камакка алынган. 2017-жылдын 29-июнунда жаза мөөнөтүп өтөп бүтүп, Кыргыз өлкөсүнө депортацияланган.

2020-жылдын 30-июнунан тарта Замирбек Теңизбаевге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.

Бүгүн, 8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
08.04.2021. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыз ала качуу салт эмес, кылмыш болушу керек. Аялдарга каршы кылмыштардын, кысымдардын негизги бөлүгү бул "салт" жана "дин" деген түшүнүктүн негизде жасалат. Буга тез арада бөгөт коюлуш керек. Зордук-зомбулук акылсыздардын акыркы аргументи. Акмакчылыка эки жол менен барышат: же зордук-зомбулук менен, же алдоо жолу менен.
zhazgul98 түзөттү 2021-04-08 16:26:25
08.04.2021. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айзаданын тырмагына тең адам эмес экен элең го акмак! Кайсы бетиң менен жогорку билимдүү жаш кызга жабыштын убалына калып. Өзүнү күзгүдөн карап, алына ,акылына жараша жашабайт белең.
08.04.2021. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ала качуу эмес бул ,каракчылык ,өлтурүү ...Ала качкандар талаага эмес көшөгөгө алпарат.Булар талаага алпарып өлтүрүп атышпайбы .
08.04.2021. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек десе, Айзададан айлангыр
08.04.2021. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеткен зоокурлордун курмандыгы болуптур байкуш кыз..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: