super.kg logo

Кубанычбек Өмүралиев Стамбулда өткөн конференцияда Кыргыз өлкөсүн таанытты

 

6-7-апрелде Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Стамбулда өткөн "Luxury B2B MICE Event and Conference" аттуу туризм тармагындагы конференцияга катышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышында элчи негизги баяндамачы катары чыгып, өз сөзүндө туризмдин абалы жана өнүгүшү, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө коронавирустан кийинки мезгилдеги мындан аркы иш-аракети жөнүндө маалымдады.

"Иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн Кыргыз өлкөсүндөгү туризмдин түрлөрүнө жана эл аралык эксперттердин берген бааларына, анын ичинде дүйнөгө белгилүү ЖМКлар жана агенттиктер тарабынан 2019, 2020 жана 2021-жылдары Кыргыз мамлекетинде саякаттоо үчүн алдыңкы 10 өлкөнүн катарына киргизилгендигине бурду", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Конференциянын экинчи күнү панелдик сессияда сөз сүйлөгөн Өмүралиев Кыргыз өлкөсүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентация жасады.

"Өлкөбүздүн туризм тармагына инвестиция тартуу максатында элчи туроператорлордун өкүлдөрүн Кыргыз өлкөсүнө саякат уюштурууга, ал эми ишкер чөйрөлөрдү туризм тармагына инвестиция жасоого үндөдү. Ошол эле учурда Кыргыз өлкөсүнө инвестиция жасоо үчүн туризм чөйрөсүндө чоң потенциал жана ишкердик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар бар экендигине көңүл бурду: либералдык укуктук база, инвестицияларды коргоо, төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү үчүн чыгымдар", - деп айтылат.

Конференцияга жана көргөзмөгө ар кайсы өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк туроператорлор, көптөгөн түрк фирмалары, ошондой эле Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин өкүлдөрү жана туристтик шаарларынын мэрлери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
09.04.2021. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунбодум темага К.Омуралиев болбогондо Кыргызстан деген мамлекет бар экенин эч ким билмек эмес экенда?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: