super.kg logo

Башкы прокуратура Айзаданын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

 

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-7-апрель күндѳрү 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин ѳлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ѳздѳрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна ар тараптуу жана объективдүү баа берүү максатында, аларга карата Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бѳлүмү (шалаакылык) менен ѳндүрүш иши катталды.

Тергѳѳ ишин жүргүзүү Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды", - деп жазылган маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул окуядан кийин коомчулук ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эстешип, ички иштер министринин отставкага кетүүсүн талап кылган билдирүүлөрдү соцтармакка жамгырдай жаадырды. 8-апрелде Бишкек ШИИББи маалымат жыйын берип, кызды 2 күн бою издешкенин, бирок аны таба алышпаганына өлкөдөгү бюрократия тоскоол болгонун айтышкан. Айзада жана аны алып качкан делген адамдын сөөгү алгач Бишкектеги өлүкканага жеткирилип, экспертиза жүргүзүлгөн соң кыздын жансыз денесин туугандары өзү туулган жери Балыкчыга алып кетишти. Бул окуяга байланыштуу өлкө башчысы дагы, өкмөт башчы дагы өз пикирлерин жарыялашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.04.2021. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ал милицияны иштен аласынар анан бүттү каласынар, түшүнүктүү быягы.
08.04.2021. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Акмактар олгондон кийин кайдан болсо таап атасынарго. Алып качканда эле ушинтип издесенер болмок. Куйоого тийиптир, деп кулдук уруп келишин кутуп отурбай. Ошо тергоочунун устунон да иш козголсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: