super.kg logo

Токтогулда жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкердин документтери жасалма экендиги аныкталды

 

Маалыматка ылайык, 23-мартта Токтогул районунун Торкен айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер 1962-жылы туулган А.Г., 1978-жылы туулган Т.А. жана 1977-жылы туулган Т.Ж.нын аттестаттары менен дипломдору жасалма же жасалма эмес экендиги боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп берүүнү өтүнгөн кат аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына келип түшкөн.

"Тергөө учурунда А.Г. орто билим алгандыгы тууралуу аттестат алгандыгы, Т.Ж. Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик техникалык окуу жайын “Газоэлектросварщик, “С” категориясындагы айдоочу” кесиби боюнча окуунун толук курсун аяктап, диплом алгандыгы аныкталган.

Ал эми Т.А. 1995-жылы Торкен айылындагы орто мектептен А № 082804 сандуу орто билимин тастыктаган аттестатты албагандыгы жана окубагандыгы аныкталган.

8-апрелде Токтогул райондук аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер катарында ѳз талапкерлигин койгон Т.А.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү үчүн кат жиберилип, уруксат алынган.

Ушул эле күнү Т.А.га карата сыртынан шектүү катарында билдирүү чыгарылган. Учурда иликтөө иш-чаралары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкердин өкүлү азык-түлүк таратып, добуш сатып алуу менен алектенип жатышкандыгы тууралуу маалымат текшерүүгө алынганы кошумчаланган.

"8-апрель күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин атынан анын өкүлдөрү 2003-жылы туулган 2-топтогу майып З.С.га азык-түлүк алып барып беришкени аныкталды. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
09.04.2021. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата журт Кыргызстан партиясынын мындай шайлоо мыйзамын бузуучулугу бир канча ирет катталды шайлоодон четтетилишине толук негиз бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: