Улуу Британиянын эң бай адамдарынын бири киши колдуу болду
Улуу Британияда кылмышкердин кол салуусунан улам британиялык 83 жаштагы миллионер Ричард Саттон каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кол салуу 7-апрелде Дорсет графтыгындагы Саттондун үйүндө болгон. Кол салуудан миллионердин 60 жаштагы аялы да жабыр тартып, жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн.
Ричард Саттон Улуу Британиядагы эң бай адамдардын бири катары таанымал. Ал бир канча мейманканалардын ээси болгон. Маркумдун компаниясынын кызматкерлери аны берешен, камкор, кол алдындагыларына үй-бүлө мүчөсүндөй мамиле кылган жетекчи катары эстеп калышарын айтып, жакындарына көңүл айтышкан.
Полиция кызматынан кылмышка шектүү катары 34 жаштагы жаранды кармашканын жергиликтүү басылмаларга билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.