super.kg logo

"Кызды мажбурлап үй-бүлө курууга шарият жол бербейт". Муфтият Айзада Канатбекованын жакындарына көңүл айтат

 

Татьяна ЗеленскаяКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Айзада Канатбекованын ата-энесине, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Муфтияттан билдиргендей, шариятка жана адамгерчиликке жатпаган жана инсандын жанын кейиткен аянычтуу окуя болду.

"Урматтуу мекендештер! Ала качуу арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап бүлө курууга шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам. Ушундан улам Ислам дини көрсөткөн жол менен турмуш куруп, башка бирөөнүн өмүрүнө, ден соолугуна кедерги тийгизбөөгө чакырабыз.

Бүгүнкү күндө коомубузда айрым учурларда катталып жаткан аялзатына карата зомбулук фактылары кейиштүү жагдай боюнча калууда. Мунун себеби катары Ислам дининен тарбия жана маалыматтын жетишсиздиги деп көрсөтүүгө болот", - дешет мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.

8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди.

Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан Айзаданын өлүмүнө шектүү жаран Орусиянын аймагында 3 ирет соттолгонун кабарлады. Кийинчерээк ала качууга катыштыгы бар делинген экинчи шектүү, андан кийин үчүнчү, төртүнчү шектүүлөр кармалышканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: