Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы издөө иштери улантылууда
Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.
6-апрелде аталган айылдын жергиликтүү 80дей тургуну ӨКМнын кызматкерлери менен бирге издөө иштерин жүргүзүп жатышканын SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирген.
7-апрель күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай районунун бөлүм башчысы, ИИМдин 2 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 60 адам, ӨКМнын ӨКЧК түштүк борборунан 1 экскаватор тартылып, саат 17:55те издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 9-апрель күнү издөө иштери улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.