super.kg logo

"Бири-бирине таш ыргыткан". Жети-Өгүздө 10-класстын окуучулары мушташып кетишти

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда мектеп окуучуларынын ортосунда мушташ чыкты. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Ага ылайык, окуя 9-апрелге караган түнү саат болжол менен 00:10 чамасында болгон. Жети-Өгүз РИИБине Саруу жана Дархан айылдарынын ортосунда балдар өтүп бара жаткан унааларга таш ыргытып жатышат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда Дархан айылында жашаган өспүрүм WhatsApp аркылуу Саруу айылында жашаган бир өспүрүмдү жаман сөздөр менен жазып, алар уруша кетишкен. Жыйынтыгында алар жолугушчу жерди белгилеп, өздөрү менен чогуу окуган 10-класстагы классташтарын чакырышкан. Алар пикир-келишпестиктен улам бири-бирине таш ыргыта башташкан, ыргытылган таштар өтүп бара жаткан унаага тийип, айнеги сынып, материалдык зыян келтирген", - деп айтып берди Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан.

Бул факты Жети-Өгүз РИИБинин электрондук маалымат журналына катталып, келтирилген зыянды аныктоо үчүн тиешелүү экспертиза дайындалды. Балдардын ата-энелерине жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.04.2021. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды мектеп директору уюштурдубу? түн ортосунда көчөгө чыгарып,бири бирине тукуруп?жумушунан айдагыла
09.04.2021. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечекте митингдерде кыйналышпайт. Машыгуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: