super.kg logo

Борбор калаада 13 мугалим жана 22 окуучу коронавирус илдети менен ооруп жатат

 

Бишкек шаарында 13 мугалим жана 22 окуучу коронавирус илдети менен ооруп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эльмира Иманалиева брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдөнүп жатат.

"Бүгүнкү күндө борбор калаада 13 мугалим жана 22 окуучу коронавирус илдети менен ооруп жатат. Ал эми эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз.

Эгерде ата-энелер балдарын үйдө онлайн окутууну кааласа, арыз жазып берсе болот. Андан соң аларга мугалимдер тарабынан тапшырмалар берилет. Учурда 10 74 окуучу үйдө билим алып жатат", - деп билдирди Эльмира Иманалиева.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы мектептер жана бала бакчалар жабылбайт. Буга чейин кандай режимде иштесе, ошол бойдон иштей берери маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: