super.kg logo

Улукбек Марипов кытай тарапка коронавирус инфекциясына каршы жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы Кытай өкмөтү коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза Sinopharm вакцинасы берип, көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Мамлекет башчы Кытай Эл Республикасына кыргыз элине берилген вакцинасы үчүн ыраазычылыгын билдирет. Үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан тарта республикада вакцинациялоонун биринчи этабы башталды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча Sinopharm вакцинасын 700дөн ашуун адам алды. Медиктердин айтымында, вакцина алгандардын бардыгынын абалы канааттандырарлык, кандайдыр бир олуттуу терс таасирлери байкалган жок. Биз үчүн тобокелдик зонасына кирген жарандарды вакцинациялоо артыкчылыктуу маселе болуп саналат", - деди Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдар тууралуу да сөз болду. "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши боюнча маселелер талкууланды.

Марипов белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иши тараптардын кызыкчылыгына дал келген жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууга жана мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь саламаттыкты сактоо жана өзгөчө кырдаалдар жана башка тармактар боюнча техникалык көмөк көрсөтүү жаатындагы гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурдагы абал тууралуу маалымдады.

Улукбек Марипов элчиге кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле келечекте Кыргыз Республикасы жана Кытай мамлекети ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярдыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.04.2021. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык озу коронавирусту кытай таратса кайра аларга рахмат айтуунун не кереги бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: