Үй-бүлөлүк дарыгерлердин базалык оклады 5 миң сом болсо, эми ал 10 миң сомго жогорулай турганы айтылды
Медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча брифинг өтүп жатат. Ага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басары Клара Өскөмбаева жана Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков катышууда.
Клара Өскөмбаеванын айтымында, саламаттыкты сактоо тутумунун башка категориядагы кызматкерлери үчүн эмгек акысы 2021-жылдын 1-июлунан тарта – 50 пайызга, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин айлык акысы 40 пайызга жогорулатылат.
"1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы 100 пайызга көбөйтүлөт. Буга чейин базалык оклад 5 миң сом болсо, эми ал 10 миң сомго жогорулайт. Орточо айлык маянасы бир штаттык бирдикке үй-бүлөлүк дарыгерлерге 8 миң 598 сом түшсө, көтөрүлгөндөн кийин 17 миң 198 сом болот. Бирок 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин индикаторлорду аткаруу негизиндеги төлөмдөрү токтотулат. Экинчи этапта башкы медициналык кызматкерлердин маянасы 50 пайызга көтөрүлөт. Азыркы учурда орточо бир штаттык бирдикке 8 миң 598 сом болсо, 50 пайыз көтөрүлгөндөн кийин 12 миң 898 сомду түзөт. Орто даражадагы медицина кызматкерлердин маянасы азыркы учурда орточо 7 миң 826 сом болсо, 50 пайызга көтөрүлгөн соң 11 миң 739 сом болот. Кичи даражадагы кызматкерлердин айлык маянасы 6 миң 659 сом болсо, 50 пайызга көтөрүлгөн соң 9 миң 989 сомду түзөт", - деп билдирди Клара Өскөмбаева.
Белгилей кетсек, азыркы учурда саламаттыкты сактоо тутумунда 73 миң 504 штаттык бирдик бар.
