super.kg logo

"Медицина кызматкерлеринин маянасын көтөрүүгө 1 миллиард 131 миллион сом талап кылынат" деди экономика жана каржы министри

 

Медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча брифинг өтүп жатат. Ага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басары Клара Өскөмбаева жана экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков катышууда.

"1-апрелден баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы 100 пайызга көтөрүлдү, ал эми башкы медицина кызматкерлеринин айлык маянасы 1-июндан тарта 50 пайызга көтөрүлөт. Бул чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Буга кошумча 1 миллиард 131 миллион сом каражат талап кылынат. Бул каражаттар Экономика жана финансы министрлиги тарабынан табылган. Республикалык бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин кошумча чыгашалар төлөнүп берилет. 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк дарыгерлерге төлөнө турчу кошумча 630 миллион каражат быйылкы жылдын бюджетинен каралган", - деп билдирди Улукбек Кармышаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: