super.kg logo

Бишкекте жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму өтөт

 

2021-жылдын 5-8-сентябрында Бишкек шаарында "Ковидден кийинки мезгилде дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү билим берүүнүн ролу" аталышында жогорку окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумун өткөрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада илимий изилдөөлөр жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташуу маселелерин жана университеттердин өз ара кызматташуусу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн дүйнө жүзүнөн 200дөн ашуун университеттин өкүлдөрүн бириктирери күтүлүүдө.

"Форумдун максаты – дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин топ-менеджерлерин жана жогорку окуу жайлардын ректорлорун бир аянтчага чогултуу. Эл аралык деңгээлде кызматташуу тууралуу жогорку окуу жайлар аралык макулдашууларга кол коюуну демилгелөө.

Ушул тапта курамына министрликтин өкүлдөрү жана республиканын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору кирген уюштуруу комитети форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилди. Форумдун программасынын долбоору даярдалды жана чет өлкөлүк катышуучулардын тизмесин түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: