super.kg logo

Бишкек шаарында санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү күчөтүлдү

 

Бишкек шаарынын мэриясы чарба субъектилериндеги санитардык эрежелердин сакталышын текшерүүнү күчөттү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, райондук акимчиликтердин базасында ыкчам топтор иштеп, күн сайын шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Биринчи кезекте "Космопарк" көңүл ачуу борборун текшердик. Текшерүү учурунда мыйзам бузуулар катталган жок. Ал эми "Бета Сторес-2" соода борборунда, №7 кичи райондогу "Глобус" гипермаркетинде жана №9 кичи райондогу "Народный" дүкөнүндө кызматкерлер жана шаардыктар санитардык эрежелерди сакташкан эмес, көпчүлүгү бет кап тагынбай, аралык сактабай жүрүшөт. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери тарабынан акт түзүлүп, санитардык ченемдердин сакталышы боюнча эскертүү берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: