Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум маселеси боюнча жарандар call-борборго кайрыла алат
Өкмөттө 10-11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү маселеси боюнча call-борбор иш алып барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эки күн, 11-апрелде эртең мененки саат 07:30дан тартып иш алып барат.
Республикалык штабдын милдеттеринин бирине шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле шайлоочуларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо маселесин түшүндүрүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо жана башка маселелер кирет.
Сall-борбордун иштөө учурунда ар бир шайлоочу "түз байланышка" чыгып, электр энергиясынын, интернетин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан санитардык нормаларга ылайык эрежелердин сакталбай жаткандыгы тууралуу жана башка маселелер боюнча кайрыла алышат.
«Түз байланыш» телефондору:
(0312) 66-28-46, 66-40-13 (факс), 96-03-38, 96-02-87
Эскерте кетсек, көрсөтүлгөн номурларга телефон чалуулар "Кыргызтелеком" ААКсы Бишкек шаардык телефон тармагынын стационардык телефондорунан – акысыз түрдө, ал эми аймактардан жана уюлдук байланыш операторлорунан бекитилген тарифтерге ылайык саналат.
