super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Чек ара маселеси боюнча бардык чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда"

 

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Ташкент шаарында кол коюлган протокол талкууга алынды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, протоколдо көрсөтүлгөн бардык чечимдер эки өлкөнүн мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилген.

"Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары карай да кабыл алынмакчы. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракеттер аркылуу гана мамлекеттик жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан мени сынга алгандар болууда. Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары, өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт бардыгын өз ордуна коюп, кезинде бул тарыхый чечим болгондугун айтышат", - деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары аталган протокол боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын күчтөндүрүүсү зарыл.

"Жер-жерлердеги жарандарга так маалымат жетпей жатат. Мен бардык региондорду кыдырып чыктым, бирок бул жетишсиз, ар бир адам менен жолугушуп, жеткиликтүү тил менен протоколдун ар бир пунктун түшүндүрүү керек. Маалымат калкка толук жеткирилгенде гана кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгына шек жаралбайт", - деп билдирди өкмөттүк делегациянын башчысы.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, кайсы тилкелер такталгандыгын картадан көрсөтүү керек.

Ташиев кол коюлган протоколду келечекте ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын аткаруучулук тартибин баса белгиледи.

"Бардык тапшырмалар сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарылууга тийиш. Биринчи кадам жасалды, бирок алдыда чоң жоопкерчиликтүү иштер турат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары бул маселени өзгөчө көзөмөлүнө алсын. Чек ара маселеси артыкчылыктуу каралышы кажет", - деп жыйынтыктады Камчыбек Ташиев.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына протоколдун мындан аркы ишке ашырылышы боюнча, мамлекеттик чек аранын өтүүсүнүн долбоордук линиясын белгилөө боюнча талаа иштерин өткөрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
09.04.2021. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Камчыке так держать, сиз красавчиксиз...
09.04.2021. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Өздөн чыккан өрт жаман деп өзүбүздөн каршы чыга башташты ....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: