super.kg logo

ИИМ кызматкерлери шайлоо алдында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган бир катар чараларды көрдү

 

Эртең, 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтөт. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги алдыда өтө турган окуянын маанилүүлүгүн эске алуу менен шайлоону өткөрүү жана даярдануу маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого багытталган бир катар чараларды көрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагында Кыргыз Республикасынын аймагында коомчулукту тынчсыздандырган жалган маалыматтарды аныктоо үчүн күнү-түнү мониторинг жүргүзүүдө. Коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу үчүн коркунучтарды алып келген жалган маалыматтарды тараткандарга жана коомдук тартипти бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги жарандарды айрым адамдар тарабынан социалдык тармактарда тараткан чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюуңуздарды суранат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: