super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясын кабыл алды

 

10-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда төрага Талант Мамытов Кыргыз мамлекети байкоо жараяндарына чоң маани берерин жана аны жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бардык чараларды көрөөрүн билдирди.

“Биздин өлкөдө эл аралык стандарттарга ылайык таза, ачык жана калыс шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар, анын ичинде эпидемияга каршы чаралар камсыздалып, байкоочулар үчүн да керектүү мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн”, - деди Талант Мамытов.

Ошондой эле Талант Мамытов эл аралык байкоочуларга Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өткөрүү жөнүндөгү демилге, ушул жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо максатында өткөрүлгөн референдумдун уландысы экенин маалымдап, анда шайлоочулардын 81,3 пайызы башкаруунун президенттик формасына артыкчылык бергенин кошумчалады.

Өз кезегинде ТүркПАнын байкоочулар миссиясынын координатору Режеп Шекер референдумду өткөрүүгө карата даярдыктан алган таасирлери менен бөлүштү. Ал алдыдагы референдумга карата даярдыктын жүрүшүнө, анын ичинде Кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда акыркы технологияларды колдонуудагы жетишкендиктерге канааттанганын билдирди.

Ал эми Талант Мамытов учурдан пайдаланып, ушул жылдын 19-мартында чогуу Бишкектен Стамбулга учуп бара жатканда ооруп калган наристенин өмүрүн сактап калганы үчүн Режеп Шекерге ыраазычылык билдирди. "Сиз дипломатия аркылуу гана эмес, өзүңүздүн кесипкөйлүгүңүз менен да бир тууган түрк элдеринин биримдигин чыңдоого салмактуу салым кошуп жатасыз”, - деди.

Жолугушуунун соңунда төрага Талант Мамытов шайлоого мониторинг жүргүзүү боюнча ТүркПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы тарабынан калыптанган тажрыйбага жогору баасын берип, бул эл аралык аренада ассамблеянын ролун чыңдоодо өтө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: