Кара-Кулжада өткөн "Жылдын мыкты мугалими-2021" сынагынын райондук турунда Кулпунай Абдималик кызы 1-орунду ээледи (сүрөт)



Агартуу тармагында иштегенине дээрлик 10 жыл болгон мугалим Кулпунай Абдималик кызы азыркы тапта кубанычы коюнуна батпай турган чагы.
Ал Кара-Кулжа районунда өткөн "Жылдын мыкты мугалими-2021" сынагынын райондук турунда биринчи орунду ээледи. Абдималик кызы көп жылдан бери Чалма айылындагы Беделбай Исаев атындагы орто мектепте тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет.
Ары кызыктуу, ары түйшүктүү бул кесиптин ээси болуу сыймык деген мугалим жеңишин SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.
"Жыл мугалими-2021" сынагынын райондук этабы 1-орун менен жыйынтыкталды. Бул менин кесиптик дареметимди сыноо, алдыга жылууга болгон өбөлгө десем жаңылышпайм. Буюрса, билим берүү тармагына, жаш муундарды тарбиялоо жаатында чоң максаттар менен жолумду акырын арыштап келе жатам", - дейт Абдималик кызы.
Анын бул жеңиши биринчиси эмес. Эмгектенүүдөн тажабаган агартуу тармагынын өкүлү буга чейин бир эмес, бир нече байгелүү сыйлыктардын ээси болгон.
Азыркы тапта Кулпунай Абдумалик кызы сынактын облустук туруна кызуу даярданып жатат.



1 |