super.kg logo

Баку шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат министрлеринин 4-отуруму өтүүдө

 
Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Түрк кеңеши тарабынан уюштурулуп өтүп жаткан түрк тилдүү мамлекеттеринин маалымат министрлеринин 4-отуруму Баку шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, отурумга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышууда.
Министр отурумда сүйлөгөн сөзүндө Түрк кеңешинин аз убакыт ичинде жасаган артыкчылыктарын баса белгилеп түрк дүйнөсүнүн орток тилин, маданиятын, мурасын жайылтууда маалымат каражаттарынын ролу чоң экендигин белгиледи. Маалымат жаатында биргелешкен максаттарды ишке ашыруу жолдорун табууну сунуштады. Түрк тилдүү мамлекеттердин биргелешкен телеканалын ачуу, маалымат агенттиктеринин тажрыйба алмашуусу, телеканалдардын кызматташуусу, контент алмашуусу тууралуу маселелерди талкуулады.

Жыйынтыгында Кыргыз өлкөсү, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Венгрия мамлекеттеринин маалымат министрлери, маалымат тармагынын жетекчилери 2021-2022-жылга иш-чаралардын планын кабыл алып бекитишти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: