Коомдук транспорттор өз убагында каттап жатабы? Бишкектин көчөлөрүнөн репортаж













Бүгүн, 11-апрелде өлкөдө шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтүп жатат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкек шаарында коомдук транспорттор жана маршруттук каттамдардын жүрүшүнө байкоо салып көрдү.
Аялдамада өз автобусун күтүп жаткан Жылдыз аттуу айым мурунку шайлоолорго салыштырмалуу каттамдар өз убагында жүрүп жатат деп эсептейт.
"Мен дайыма ишемби жана жекшемби күндөрү иштейм. Шайлоо өтсө дагы так ушул күндөргө туш келет. Буга чейин коомдук транспортторду жарым сааттай күтүп калчумун. Аягы батпай калып кийинкисин күткөндө дагы 30 мүнөт турчумун. Бүгүн эмнегедир андай учурга кабылган жокмун. Азыр 5-10 мүнөт аралыгында каттап жатышат", - деп билдирди ал.
