"Бишкектеги №1205 шайлоо тилкесинде 85ке чукул адам добуш берди" дейт байкоочу



Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө. №1205 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө келген шаардыктардын саны кыйла аз.
Шайлоого карата бардык санитардык эрежелер сакталган. Кире бериште шайлоочулардын дене табын текшерип, колдоруна антисептик чачып, бет кабы жокторго бет каптар берилүүдө.
Шайлоого байкоо салып отурган саясий партиялардын байкоочуларынын бири Турсунбек Ишекеев эч кандай мыйзам бузуу катталбаганын айтты.
"Саат 10го чейин 85ке жакын адам келип добуш берди. Эч кандай мыйзам бузуу байкалган жок. Башка өлкөдөн 12дей байкоочу келип карап кетишти. Байкоолорум боюнча шайлоо таза, тынч өтүп жатат деп айта алам", - дейт ал.
Белгилей кетсек, 28 шаардык кеңеште, 420 айылдык кеңештерге шайлоо болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.