Өлкө башчы Садыр Жапаров: "Биз жаңыча, жаңы мыйзамдар менен жашоону улантабыз"
Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров Чоң-Арык конушундагы шайлоо тилкесинде добуш берди.
Анда президентке референдумдан кийин кандай өзгөрүүлөр болот деген суроо берилди.
"Эгерде бүгүн Кудай буюруп элибиз ушул конституцияны кабыл алып берсе, БШК 10 күндүн ичинде шайлоонун жыйынтыгын жарыялаш керек. Андан кийин биз жаңы мыйзам долбоорун киргизебиз, анткени жаңы конституцияга ылайык, бардык мыйзамдарды иретке келтириш керек.
Бизде бүгүнкү күнү бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар көп. Айрыкча Кылмыш-жаза кодексинде бири-бирине каршы келген жагдайлар бар. Бирок бир эле Кылмыш-жаза кодексинде эмес, бардык мыйзамдарда карама-каршылык көп. 30 жыл биз ошол менен жашап келдик.
Биз бардык тийиштүү органга ушундай карама-каршы келген мыйзамдарды оңдогула деп тапшырма бергенбиз. Буга чейин кимдер гана мыйзам жазган жок, түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да жазды.
Болжол менен 20-апрелде жыйынтык чыкса, биз Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун жөнөтөбүз. Алар каникулга кеткиче бул мыйзамдарды кабыл алып бериши керек. Кабыл алып берсе биз жаңыча жашайбыз, жаңы мыйзамдар менен жашоону улантабыз. Биз бардык мыйзам долбоорлорду баштык-баштык менен даярдап койгонбуз", - деди Жапаров.


1 |