10 шайлоо тилкеси, 16 миңге чукул шайлоочу бар. Баткенде шайлоо өз тартибинде өтүп жатканы айтылды






Бүгүн, 11-апрель Баткен шаардык жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо жана Референдум (Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын тандоо) күнү. Бул күн салтанаттуу башталып, анда Баткен шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу, биринчи вице-мэр Алахан Ураимов куттуктоо сөзүн айтуу менен ачып берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бардык шайлоо тилкелеринде коопсуздук, санитардык талаптар сакталган.
"Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу шайлоо тилкелеринде жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.
Бул күнү коомдук тартипти камсыз кылууга милиция кызматкерлери жана жарандардын саламаттыгы үчүн медицина кызматкерлери тартылган", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Баткен шаарында 10 шайлоо тилкеси, 15 миң 595 шайлоочу бар.
