super.kg logo

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ж.К. аттуу шектүү ушул жылдын 9-апрелинде Бишкектеги "Ош базарынын" жанынан алдамчылык жолу менен Ош шаарынын тургунунун унаасын тартып алып, ага чоң материалдык чыгым келтирген. Анда шектүү 6 миң доллар турган Toyota Camry унаасын сатып алып, калган сумманы эки айдын ичинде берем деп 40 миң сом гана төлөгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй алдамчылыкка шектелген адам издөөдө жүргөн. Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Изделип жаткан жаран Ж.К. 1983-жылы туулган Араван районунун тургуну болгон, ал Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалган.

Териштирүү иштеринде шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Кармалган жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: