Москвадагы театралдык окуу жайына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча комиссия ишин баштады






Москвадагы М.С.Щепкин атындагы жогорку окуу жайына бюджеттик негизде абитуриенттерди кабыл алуу боюнча комиссия ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Орусия Федерациясынын Москва шаарындагы Орусия мамлекеттик академиялык Кичи театрынын алдындагы М.С.Щепкин атындагы жогорку окуу жайына 2021-2022-окуу жылына карата бюджеттик негизде Драма театрынын жана кинонун актёру адистигине күндүзгү бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алуу комиссия Бишкек шаарында өз ишин баштады. Комиссия өз ишин 2021-жылдын 14-апрелине чейин улантат.
Комиссиянын ишине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, аталган окуу жайга тапшырып жаткан таланттуу жаштардын арасынан татыктууларын тандап, келечекте кыргыз театр искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө салым кошо турган жаштар билим алып келерине үмүт артып жатканын билдирди.
"Атайын комиссияга М.С.Щепкин атындагы жогорку окуу жайынын 2021-2022-окуу жылына кабыл алына турган курстун көркөм жетекчиси, профессор Дмитрий Кознов, Пластикалык билим берүү кафедрасынын башчысы, актёрлук чеберчилик боюнча окутуучу, профессор Александр Кульков, доцент, улук окутуучу Аля Андреева, актёрлук чеберчилик боюнча окутуучу Борис Доминин жана Алайбек Тойчубеков келген.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн комиссиянын курамына Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти, театр сынчысы Жаныш Кулманбетов, Гульмира Молдалиева, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын режиссёру Нурлан Абдыкадыров бар.
Абитуриенттер көркөм прозалык чыгармалардан монолог, тамсил, этюд (маанилүү окуясы бар кыскача сюжетти үнсүз аткаруу), ыр (поэзиялык чыгармалардан көркөм окуу, ыр (обондуу чыгармалардан ырдоо же бийлеп берүү) боюнча тапшырмаларды аткарып жатышат", - деп жазылат маалыматта.



1 |