super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев БАЭнин КРдагы элчисин кабыл алды

 
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бириккен Араб Эмираттарынын Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Аль-Мехайрибини кабыл алды. Кыргызстан БАЭ менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин белгилеп премьер-министр: “Кыргызстанда айыл чарба, туризм, өнөр жай, энергетика, транспорт жана коммуникация тармагына инвестицияны тартууга бардык шарттар түзүлгөн. БАЭ менен эркин экономикалык жагдайды түзүүгө кызыкдарбыз”,- деди. Мохаммед Аль-Мехайриби эки тараптык кызматташуунун бекемделишине бардык аракеттер жасалышын белгиледи. “Жакынкы күндөрдө Кыргызстанга БАЭден ишкерлердин делегациясы келет. Алар ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлор менен таанышып кетишет. Өлкөдө либералдык мыйзам жана эркин экономика экенин билебиз. Республикада туруктуулуктун болгону маанилүү”,- деди элчи.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: