super.kg logo

Ара төрөлгөн Аминанын ата-энеси кайрымдуу инсандардан жардам сурайт

 

Ара төрөлгөн 4 айлык Аминанын ата-энеси SUPER.KG порталына жардам сурап кайрылды. Аминага медицина кызматкерлери эки көзүнө тең “ретинопатия катаракта” деген диагноз коюшкан. Тез арада операция жасабаса эки көзү көрбөй калуу коркунучу бар экенин атасы Замир Мусаев айтып, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Кызыбыздын аты Амина, 2020-жылы 26-ноябрда Каракол шаарында 6 жарым айлык болуп төрөлүп, көп күн жандандыруу аппаратында жатты. Кийин төрт ай толгондо неврологияга алып барсак, окулистке жөнөтүшкөн. Ал жактан УЗИ жана башка аппараттар менен текшеришип, эки көзүнө тең “ретинопатия катаракта” деген диагноз коюшуп, тез аранын ичинде Түркиянын Стамбул шаарындагы ооруканаларынын биринде операция жасаш керек дешти. Биз башка ооруканаларга, Москвага да кайрылуу жиберсек бардык жерде ушундай диагноз коюп беришти.

Ал жактан дарылатып келүү үчүн жалпы 15 миң доллар керектелет экен. Бизде анча акча жок болгондуктан, дагы издештирип Бишкектен Мехмет Чакмак түрк клиникасын таптык. Ал жактан арзандатуу кылышып 5000 долларга операция жасап бермей болушту. Убактыбыз аз калыптыр, тез арада жасалбаса эки көзү тең көрбөй калуу коркунучу бар дешти. Ошондуктан кайрымдуу элге жардам суроо менен кайрылууга мажбур болдук", - деди атасы.

Реквизиттер:

Kicb bank: 9417018754980910

Элсом: 0779 20 43 24

Элкарт РСК банк: 9417089949039409

Visa kart: 4177490150923276

Баланс.кж: 779204324

Атасынын номери: 0706 140 446


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: