super.kg logo

Тоңдон мал алганы келген. Токмоктогу мал базарда 49 жаштагы жаран дайынсыз болуп изделүүдө

 

Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базардан 1972-жылы туулган Талант Чолпонбаев аттуу жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу аны менен бирге мал базарга барган айдоочу Эмилбек Мукашев билдирди.

Анын айтымында, алар Токмоктогу мал базарга Тоңдон 10-апрелден 11-апрелге караган түнү келишкен.

"Тоңдон келгенбиз. Түнү менен мал алып, кайра айылга кетмекпиз. 10 чакты кой алам деп жүргөн. Бир маалда мас болуп калыптыр. Унаага жатып эс алыӊыз деп жаткырып коюп, өзүм мал караганы кеткем. Жыйырма мүнөт өтпөй кайра келсем, кетип калыптыр. Телефон чалсам, кафелердин биринде отурам деди. Дарегин айтпай койду. Анан кайра чалсам, өчүк болуп калды. Ошондон бери издеп жатам", - деди ал.

Эгерде кимде ким Талант Чолпонбаевди көрсө төмөнкү номерге чалса болот: 0705 95 09 97.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: