"Министрдин ишине баа берүү керек". Депутаттар саламаттыкты сактоо министринин комитет жыйынына келбей жатканына нааразы
Депутаттар саламаттыкты сактоо министринин комитет жыйынына келбей жатканына нааразы. Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйыны өтүүдө.
Депутат Бактыбек Райымкулов коронавирус боюнча суроосу бар экенин айтып, жыйынга саламаттыкты сактоо министри өзү катышышы керектигин белгиледи. "Компенсация төлөмдөрү боюнча саламаттыкты сактоо министринин жаңы орун басары суроолорго жооп бере алабы? Эмнеге министр өзү келген жок? Сиз бул маселеге жооп бере албасаңыз министрдин өзүн чакыралы. Бардык маселеге министр өзү жооп бериш керек да", - деди ал.
Жыйынга министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев келген.
Депутат Гүлкан Молдобекова министрдин орун басары жаңы болгондуктан, суроолорго толук кандуу жооп бере албай турганын белгиледи.
Ал эми депутат Евгения Строкова министрге телефон чалып чакыруу керектигин белгилеп, ал эл өкүлдөрүн сыйлабай жатканына токтолду.
Депутат Тазабек Икрамов дагы министрге нааразычылыгын билдирди. "Мен эки апта мурун протоколдук тапшырма бергем, жылыш жок. Министрдин ишине бул жерде баа берип коюу керек. Ал биринчи жолу эле президентке кирип жаткан жери жок. Бүгүн анын орун басары келиптир, анын маалыматы жок. Бүгүнкү эл алып жаткан вакцина боюнча дагы маалымат бериши шарт", - дейт Икрамов.
