super.kg logo

"Бир баш аюуга бир миллион сом доо коюлат". Жалал-Абадда Кызыл китепке кирген аюуну өлтүргөн жаран аныкталды

 

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр айылынын тоолорунан Кызыл китепке кирген аюуну өлтүрүп, терисин алып кетип бараткан жаран кармалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаевге байланышканыбызда билдирди.

"Ушул жылдын 9-апрель күнү бизге тоодон бирөө рюкзак көтөрүп түшүп кетти, анда аюу болушу мүмкүн деген маалымат түшкөн. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылына барган убакта рюкзак көтөрүп бир киши келе жаткан экен. Ал кишиге жолугуп, кармаганча ал сумкасын таштын арасына беките салды. Биз ушул окшойт деп кармасак, чындап эле сумкасынан бир баш аюунун териси чыкты. Кармаган соң ал өз күнөөсүн моюнуна алып, чындыгында ушул аюуну тузак менен кармагам деп түшүнүк кат жазып берди.

Ал аталган айылдын токой чарбасында бал челек кармайт экен. Бул аюу бал челектерди талкалай бергенинен тузак коюп, аюу түшүп калгандан кийин башка чаап өлтүргөн. Эти ошол жакта калып, терисин алып келе жаткан. Биз ошол жерде токой чарбанын бир кызматкерин кошуп, төртөөбүз акт түздүк. Эртеси дем алыш күндөрү болуп калганына байланыштуу бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына материалды өткөрүп бердик. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылынын 3-майындагы 224-токтомуна (2020-жылдын 7-декабрындагы 595-токтому менен өзгөртүү киргизилген) ылайык бир баш аюуга бир миллион сом доо коюлат", - деди Сатимбаев.

2020-жылдын аягындагы санак боюнча Жалал-Абад облусунда Кызыл китепке кирген 234 аюу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.04.2021. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анан эмне кылат бечара, бал челегин талкалап жатса. эми эмне кылат 1млн.
12.04.2021. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир байкуш экен да бал челек менен тирилик кылган.
12.04.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бал челекти ограждения кылуу керек.
Жалко экооно тен
12.04.2021. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бал челеги шылтоо болгондой көрүнүп турат, мыйзамдан качуу аракетиндей, өлтүргөн адам терисин өтө кылдаттык менен сыйырып албайт, башын дагы этияттык менен кесип алыптыр. Сатам деп эле ойлоп өлтүргөн, бал челектер тоого чыгышка али эрте, июнь- июль айларында чыгат, качан тоодогу гүлдөр ачылганда!
13.04.2021. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул биринчи жолу өлтүргөндөй эмеско терини жөн адам сыйрый албайтта төмөндө жазылгандай кылдатык менен сыйрыптыр.бул көп эле жолу өлтүрүп жүргөн аюуну.билинип эле турбайбы.чындап бал челектерин талкалаган болсо сүрөткө тартып тийиштүү жерлерге кайрылыш керекда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: