Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу тыюу салынды
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз өлкөсүнөн башка жакка экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү токтомго премьер-министри Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындай чектөө өкмөттүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк планынын алкагында киргизилген.
Аталган токтомдун максаты калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоодо тартыштыкка жол бербөө.
Документке ылайык, Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.
Дары-дармектин 80 түрүнө жана 60тан ашуун медициналык каражаттарды экспорттоого тыюу салынды.
