super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Шайлоонун жүрүшүндө 42 мыйзам бузуу катталды"

 

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жалпы 42 мыйзам бузууну каттады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (Шайлоочулардын добушун сатып алуу) боюнча 2 кылмыш, 87-1-беренеси (Административдик ресурстарды пайдалануу) боюнча 1 жосунсуз жорук, 5 мыйзам бузуунун ичинен төртөө 42-берене (Шайлоочунун укуктарын бузуу) жана 81-берене (Баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү) боюнча мыйзам бузуулар катталган.

Ошондой эле Бишкек шаарынын ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо журналына 34 факты катталып, өндүрүш иштери жүргүзүлгөн. Бул боюнча мыйзам бузуулар аныкталган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: