super.kg logo

Маданият министри Кайрат Иманалиев Түрк кеңешинин баш катчысы менен жолукту

 
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Баку шаарында өткөн министрлердин маалымат жаатындагы жогорку ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 3-жолку отурумунун алкагында Түрк кеңешинин баш катчысы Багдат Амреев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Билдирүүдө жазылгандай, эки тараптуу жолугушууда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштериндеги маселелер кеңири талкууланды. Дүйнөлүк маанидеги мындай иш-чаранын жалпы Түрк дүйнөсү үчүн маанилүүлүгү белгиленип, анын мындан аркы келечегинде бардык тараптар кызыкдар экени айтылды.

Мындан сырткары маалымат жаатындагы демилгелер тууралуу сөз болуп, Түрк дүйнөсүнүн орток телеканалын ачуу маселеси каралып, анын маданий, саясий жана социалдык-экономикалык маанидеги алмашкыс аянтча болуп берери ырасталып, ар тараптуу колдоого алынды.

Жолугушуунун соңунда баш катчы мындан аркы тыгыз кызматташууда натыйжалуу ийгиликтерди каалап, аталган иш-чарага катышып бергендиги үчүн министр башында турган жалпы кыргыз делегациясына ыраазычылык билдирди.
Отурумдан кийин катышуучулар Азербайжан Республикасынын улуттук лидери Гейдар Алиевдин бейитине барып, эстелигине гүл коюшту. Андан соң министр Кайрат Иманалиев Гейдар Алиевдин музейи менен таанышып чыкты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: