super.kg logo

Өкмөт: "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу тыюу салынды"

 

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз өлкөсүнөн экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Аталган тыюу салуу өкмөттүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк чаралар планынын алкагында киргизилген.

Аталган токтомдун максаты - калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө.

Документке ылайык, Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.

Экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси тиркелген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: