Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев үй камагына чыгарылды
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдашты.
Маалым болгондой, Кубанычбек Жумалиевге каршы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоо үчүн жетиштүү далилдер алынган.
"Бүгүнкү күндө Кубанычбек Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатына бааланган коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берди.
Буга байланыштуу тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден соолугунун абалын эске алуу менен 2021-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата сырт жакка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.




1 |