Артём Новиков үй карантинин сактоосун көзөмөлдөө начар жүргүзүлүп жатканын айтты
Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өмкөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешменин алкагында өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык абал, ооруканаларды дары-дармек каражаттары, медициналык кызматкерлер, жабдуулар менен камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Бүгүнкү күндө жеке лабораториялардагы ПЦР-тестирлөөнүн баасын 30 пайызга же 2 миң 300 сомдон 1 миң 600 сомго чейин төмөндөтүү тууралуу макулдашууга жетишилди. Айрым медиаборборлордо калк үчүн компьютердик томографиянын, санариптик R-графия тейлөөсүнүн наркы 20 пайызга чейин төмөндөтүлөт, ошондой эле калкка аталган тейлөөнү көрсөтүү үчүн жеке борборлордогу күнү-түнү күзөт аныкталган. Жакынкы айларга карай COVID-19 дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарына баалар турукташтырылат. Башка жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге бааны төмөндөтүү жана тоңдуруу боюнча иштер жүрүүдө.
Артём Новиков ооругандарды көзөмөлдөө, аларды аныктоо боюнча мониторингдин жана оору жугузуп алган жактардын үй карантинин сактоосун көзөмөлдөө начар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.
"Республика боюнча, өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй облустарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны жогорулап жатат. Бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча стационарлар ачылган. Коомдук жайларда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчтөндүрүлгөн. Коңшу өлкөлөрдө COVID-19 вирусунун жаңы жугуштуу штаммдары менен ооругандардын саны жогорулап жаткандыгы байкалууда. Биз өлкөгө кирүүдө коопсуздук чараларын күчтөндүрдүк, бирок тармактык түзүмдөр тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүп, келген жактардын ден соолугунун абалын андан ары көзөмөлдөөнү үзгүлтүксүз контролдо кармашы кажет. 8-апрелде мен стационардын ачылышына барып, “кызыл зонаны” көрүп, андагы жабдуулар жана дарылоо алгоритмдери менен таанышып чыктым. Коштоп жүрүүчү жактар менен иш алып барууда катуу тартип сакталышы керек. Бардык зоналар кант диабети, жүрөк кан-тамыр ооруларына, бөйрөк оорусуна кабылган өнөкөт оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармектердин запасы менен камсыздалышы керек", - деди ал.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоонун биринчи деңгээли жана «кызыл зона» ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн так механизми түзүлгөн эмес. Оорулууларды дартын аныктоого кабыл алышпайт.
Штаб соңунда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, 13-апрелге чейин саламаттыкты сактоонун биринчи деңгээлиндеги медкызматкерлеринин коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү боюнча ишинин алгоритмин иштеп чыгуу тапшырылды. Буга катар ведомствого 13-апрелге чейин Бишкек жана Чүй облустарынын 118 кызматынын базасында психологиялык көмөккө муктаж болгон бейтаптар үчүн психологдун консультациясын уюштуруу; бир жумалык мөөнөттө бардык саламаттыкты сактоо уюмдарында коронавирус инфекциясы менен ооругандарды эсепке алуу боюнча бирдиктүү электрондук реестр ишке киргизүү; сунушталып жаткан грант жана техникалык көмөк көрсөтүү алкагында меджабдууларды сатып алуу боюнча бардык процедураларды жыйынтыктоо жана алардын өз учурунда алып келинишин камсыздоо тапшырылды.
Кыска мөөнөттө Ош, Талас жана Нарын шаарларында жаңы жугуштуу ооруканалар ооруканасын куруу иштери жыйынтыкталып, аймактарда 10 вирусологиялык лабораторияларды куруу боюнча иштер башталышы керек. Үч күндүк мөөнөттө өлкө боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарындагы борбордоштурулган суюк кычкылтек берүү тутумунун ишин жана коопсуздугун текшерүү зарыл.
COVID-19 – бул мифтик оору эмес. Бүгүн баарыбыз бул вируска каршы күрөшүүдөбүз. Ар бирибиздин аракетибизден жарандарыбыздын жашоосу жана ден соолугу көз каранды. Бүгүнкү күндө каражат жана күчүбүз жетиштүү. Мында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги абал начарлап кеткен учурда жалпы координацияны камсыздоо үчүн волонтёрлор менен иш алып баруусу керек.
