Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Гүлназ Мурсакматова Кара-Балтадан табылды
Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 31 жаштагы Гүлназ Мурсакматова аман-эсен табылды. Ал Кара-Балта шаарынан табылганын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Гүлназ Мурсакматова экинчи топтогу майып. Ал 11-апрелде саат 12:30 чамасында Бакыт үйүнүн айланасынан адашып, ошол бойдон жүргөн жери дайынсыз болуп жаткан.
"Издөө иштеринин алкагында ал 12-апрелге караган түнү саат 03:00 чамасында Кара-Балта шаарынан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.