super.kg logo

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери сыйланышты

 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин медалдары, Ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жалпысынан 35 кызматкер ИИМдин медалдарына, 9 кызматкер Ардак грамотага ээ болушту. Ал эми Ош ШИИБинин жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын инспектору Кызжибек Дыйканова "Милициянын майору" атайын наамына ээ болду.
"Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов бүгүн башкармалыктын өз милдетин аткарууда артыкчылык көрсөтүшкөн кызматкерлерине Ички иштер министрлигинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын сыйлыктарын тапшырды.
Ошондой эле башкармалыктын жетекчиси убактылуу кармоочу жайда өз өмүрүнө кол салып, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган шектүүгө тез жардам көрсөтүп жанын сактап калышкан милиционерлер Жылдызбек Макамбаев менен Жанарбек Ибраимовго ыраазычылык жарыялап, алар сыйлыкка сунушталарын айтты. Иш-чара салтанаттуу жүрүш менен жыйынтыкталды", - деп жазылат маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.04.2021. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сержантка эчтеке жок экенда
12.04.2021. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билбейм, качан милиционерлерге мурдагыдай ишенич болот. Анан булардын айлыгын да жакшыртты, бекер үй да алышат. Коркутуп, үркүтүп келишет чүү дегенде эле. Сыйлык алгандарычы. Неси болсо да жашай береличи, ыйман кирип оңолуп милиция, врачтарга кайрылганда иштерибизди бекер бүтүрө турган күн келип калаар. Иншаллах.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: