super.kg logo

Издөө салынат! Чүйдө 17 жаштагы Рахат Тыныбекова изделүүдө

 

Сокулук районунун милициясы дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Рахат Тыныбековага издөө салат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан Рахат Тыныбекова 2004-жылы туулган. Сокулук РИИБине облустук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү кайрылышкан. Алар Гавриловка айылында туугандары менен жашаган Рахат Тыныбекова 2020-жылы 14-октябрда үйдөн чыгып кетип, ушул күнгө чейин кайтып келе электигин айтышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Рахат Тыныбекова Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Чоң атасынын колунда тарбияланган. Ал апасы каза болуп калган. 2020-жылдын декабрь айында туугандары менен байланышып, ал жерден анын тынчын албоону өтүнгөн.

Мындан тышкары, туугандарынын айтымында, 2021-жылы февраль айында изделип жаткан кыз Ош облусуна барып, андан кийин Бишкек шаарына кайтып келген. Такталбаган маалымат боюнча, дайынсыз болуп жаткан кыз турмушка чыгып бала төрөгөн.

Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү номурларга кайрылып коюуну өтүнөт: 0312607567, 0313453357, 0558861486, 0709353529.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
12.04.2021. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тообо, нысап, ыйман берсин ар пир пендеге
13.04.2021. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүт.эле адам жоголду деп чыгат, не эле болуп баратабыз. Балдарды ата энеси өздөрүнүн жанында эле алып жүрбөгөндүн кесепети болуп жатат окшойт. Же тарбия беришти билбейбизби, билбейм ыйман берсин баарыбызга.
13.04.2021. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылдан болот эле кыз.Табылып калсын эртерээк...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: