Бажы кызматы: Быйыл өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу төлөмдөр 2 миллиард 600 миллион сомго көп чогултулду"
Быйылкы жылдын биринчи кварталында бажы кызматы 8 миллиард 400 миллион сом чогулду жана белгиленген болжол 87 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, коронавирус пандемиясы жана ага байланыштуу товарларды өткөрүү боюнча чектөөлөр өлкөлөр ортосундагы соодага өзүнүн терс таасирин тийгизүүнү улантууда.
"Импорттун көлөмүнүн төмөндөшү бажы төлөмдөрдүн көлөмүнө дагы таасирин тийгизди, бирок ошого карабастан өткөн жылдын 1-кварталына салыштырмалуу Мамлекеттик бажы кызматы 2 миллиард 600 миллион сомго көп бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылган, өсүү темпи 2020-жылдын 1-кварталынын көрсөткүчүнө карата 144,5 пайызды түздү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айларга бөлүп караганда, 2021-жылдын биринчи кварталына карата бажы төлөмдөрдүн түшүүсү төмөнкүдөй:
Айлар |
2020-жыл миң сом |
2021-жыл миң сом |
Өсүү темпи, (%) |
(+/-) миң сом |
Январь |
1 963,5 |
1 979,9 |
100,8 |
16,4 |
Февраль |
1 820,8 |
2 785,3 |
153,0 |
964,5 |
Март |
2 048,9 |
3 664,2 |
178,8 |
1 615,3 |
1-квартал |
5 833,2 |
8 429,4 |
144,5 |
2 596,2 |
