super.kg logo

Түркияда Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

 
Түркия мамлекетинин Анкара шаарында жайгашкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун имаратында Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты.
Көргөзмөдөн соң министр Кайрат Иманалиев Түркиянын жазуучу, окумуштуулары жана ТҮРКСОЙдун жамааты менен жолугушту. ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы буга чейинки жасалган иштер жана 2021-жылы биргеликте белгилей турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Эске сала кетсек, Түркияда белгилене турган Касым Тыныстанов, Кусеин Карасаев, Эстебес Турсуналиев, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Казат Акматов сындуу улут сыймыктарынын мааракелерине арналган иш-чаралардын планы талкууланды.
Министр өз сөзүндө ТҮРКСОЙ менен Түрк дүйнөсүнүн орток инсандарын таанытууга, маданияттар аралык тажрыйба алмашууларды жакшыртууга, фестиваль, форумдарды уюштурууга басым жасаларын айтты.
Андан соң Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигине барып элчи менен ар тараптуу пикир алмашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: